www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өтө кызыл бат өчөт" дегендей, өпкөсүн колтуктап алышып, элден өзгөчөлөнүп жулкунуп-бакыргандардын тагдыры эмне менен бүтүп жатканын турмуш көрсөтүп койду. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Биз кыргыздар өңөчү үзүлөйүн деп кыйкыргандарды, башы-көзүн ургулап жулкунгандарды кыйын экен, азамат экен деп бир паста көкөлөтө мактап киребиз. Ал эми ал кыйкырыктын артында кандай максаттар, арам ойлор бар экени жөнүндө эч ойлонуп да койбойбуз.

Мелис Аспеков деген неме куран китепти көтөрүп, ар кимге карматып жүрсө, аны да "өзү таза үчүн куран китепти көтөрүп жүрөт" дешкен оомалар чыгышкан, ага чаң жугузушпастан. Акыры эмне болду? Адалсынган молдонун үйүнөн арам чочконун башы чыккандай эле болду. Кудайга миң мертебе тоббо кылдым, өзүнүн акыбалын өзү билгенден кийин, куран китепти колуна алып эмне кылат дейм да.

Дагы бир кыйкырыкчы бар эле Момбеков деген. Атамбаевдин мезгилинде Момбековдой адам, болгондо да Жогорку Кеңештин депутаты бар экенин билген эмесмин. Анан эле Жээнбеков өлкө башына келген күндөн баштап, ачылбаган таланты ачылып, сөздү окшосо окшобосо куюштуруп сүйлөп, өзүнө каршы сүйлөп койгонду беттен алып, бакырып-өкүрүп чыгып кеткенде да, көпчүлүк белимчилер: "чыныгы депутат экен" дешип шилекейлери агып кеткен. Кыйкырыгы үч жылга созулуп келип, 2020-жылдын 5-октябрь күнү чыныгы жүзү ачылып калды.

Мына бул Сыймык Жапыкеев да дал ошол куру кыйкырыкчылардын бири. Мурда эч кызматта жок мезгилинде кыйкырганда митингдерди уюштуруп элди топтогондо: "бир кыйкырыкчы жүрүптүр да" деп макул болуп койдук эле.  Андан соң Финполго өтө жоопкерчиликтүү кызматка баргандан кийин да өзүн пиар кылганын токтотпой койду. Элдин башын жакшы эле айлантып жүрдү. Мына эми акыркы күндөрдө артынан сөз ээрчип, мунун деле аппак эмес экени түшүнгөн адамдарга маалым болуп калды.

Кийинки кезектеги кыйкырыкчыбыз Бакай Кашкарбаев го эч бир кызматта жок. Бирок хандын кызындай чолчоңдогонун токтотпосо, бул да бир нерсенин үстүнөн чыга турган болуп жүрөт. "Бакай азамат" дешип, муну да кутуртуп жаткан күчтөр бар. Өзү бир аз ала көөдөн неме экен, анын үстүнө мактоолорду угуп, асманга учуп кетчүдөй болуп калды. Мүмкүн ички дүйнөсү тазадыр, бирок кылып жаткан аракеттери менен, жаңы бийликке только минус алып келип жатат. Садыр Жапаровду мен колдогом деп баарыбыз эле эрдеңдеп көчөгө чыгып кетсек, аягы эмне болушун элестете да албайм.

Так что Сыймыктан, Бакайдан кийинки кыйкырыкчылар, бир аз эки жакты карап, ойлонуп иш тутсаңар жакшы болмок. Кыйкырган силер, күч келсе силердин өңөчүңөргө оор болот, бирок кыргыз эли ушундай жапайы эл экен дегизип бүткүл дүйнөгө кыргыздар жөнүндө элес калтырып жатасыңар. А биз силердей эмеспиз, болгубуз да келбейт. Силерге окшоп калыштан Кудай өзү сактасын.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости