www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусу Майрамбек Жумабеков, КР президенти Садыр Жапаровго КАЙРЫЛУУ жасады. Кайрылууда окумуштуу, академик, Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кармоо “атайын” уюштурулган сценарий экендигин, соттун адилетсиздик чечим чыгаргандыгын маалымдаган. К.Жумалиевдин мамлекеттик ишмер экендигин, илимге кошкон салымын, пенсионердик курагын, ден соолугун эске алып баш коргоо чарасын өзгөртүп, коюлуп жаткан айыптын адилет каралышын Президенттен өтүнүп, ишти жеке көзөмөлүнө алышын суранган.

Кайрылуунун тексти төмөндө толугу менен:

Урматтуу Садыр Нургожаевич!

28-январда Президент катары биринчи элге кайрылууңузда “Биздин максат - мыйзамдын диктатурасы өкүм сүргөн, адилеттүүлүктүн үстөмдүгү салтанат курган алпейим коомду куруу” деп айтканыңыз мамлекетибиздин жараны жана жактоочу катары жүрөгүмдө турат. Ушул айткан сөзүңүздүн негизинде Сизге кайрылууну чечтим.

Мен Майрамбек Жумабеков Кубанычбек Жумалиевдин жактоочусумун. 4-февралда УКМК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты, академик К.Жумалиевди мыйзамсыз кармап, сотко басым жасашып, баш коргоо чарасын СИЗО-1ге эки айлык мөөнөткө 4-апрелге чейин камашты. Жумалиевди УКМКнын кызматкерлери (саны 10-12) өтө коркунучтуу кылмышкерди, ОПГ кармагандай кармап, машинасынын жолун тороп, УКМКнын имаратына алып келишкен. КРдин жазык процессуалдык Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунда “Прокурор, тергөөчү жана алгачкы текшерүү органы кылмыштын жана жоруктун белгилерин аныктаган ар бир учурда өз компетенциясынын чегинде сотко чейинки өндүрүштү баштоого, кылмыш же жорук жасаган адамдын кылмыштуу окуясын, жоругун аныктоодо мыйзамда каралган бардык чараларды көрүүгө милдеттүү” деп көсөтүлгөн. КР Конституциясынын 22-беренесинин 1-пунктунда “Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес”-деп көрсөтүлгөн. Сотко чейинки өндүрүш иштери алгач 48 сааттын ичинде териштирилип, күнөөсү далилденгенде жана мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы аныкталганда гана, сотто каралып, андан кийин баш коргоо чарасы чечилиш керек эле. Бирок, андай болгон жок! К.Жумалиевдин ишин космостук ылдамдыкта сотко алып келишип, 1 күндө 4 сааттын ичинде, УКМК камакка алуу жөнүндө соттон баш коргоо чарасын талап кылышты. Демек, К.Жумалиевдин Жогорку Кеңештин депутаты катары эмес, республиканын жөнөкөй жараны катары укугу тебеленди. УКМК, прокуратура жана сот органдары тарабынан Конституциянын жана КР КЖПКнын беренелери одоно түрдө бузулду.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Т.Бекенов мыйзамды бузуп, прокурордун жана УКМКнын “заказын” аткарды. Биз, жактоочулар Ж.Бабаев, И.Кадыров, М.Жумабеков Жумалиевдин күнөөсү жоктугун, анын мамлекетке эч бир зыян келтирбегенин, депутатты камоого эч кандай негиз жоктугун тастыктаган далилдерди эске алган жок. Эң башкысы, сот бул адамдын жашы 65тен өтүп калганын, оор гипертониялык 3-баскычтагы жүрөк оорусунан жабыркагандыгын, 3 айдан бери медициналык тыкыр көзөмөлдө турганын, ага 8-февралда коронография жасалаарын эске алган жок, жактоочулардын өтүнүчү болгон Жумалиевдин баш коргоо чарасын үй камагына калтырууну канааттандырбады. Демек, КР Өкмөтүнүн 2018-жылы чыккан №296чы Кармоого тыюу салынган айыпкер, шектелүүчү оор илдеттер менен жапа чеккендердин ооруларынын тизмеги көрсөтүлгөн токтомунун 6 пунктунда көрсөтүлгөн 3-баскычтагы жүрөк оорулууларды абакта кармоого тоскоолдук жарата тургандыгы тууралуу берене бузулду.

УКМКнын тергөө тарабынан коюлган бирден-бир айыбы, 2013-жылы К.Жумалиев депутаттык статусун колдонуп, мурдагы Билим берүү министри Э.Сариеваны кысымга алып өзүнүн Эл аралык Медициналык Университети деген аталыштагы менчик окуу жайына мыйзамсыз лицензия алып алган дейт. Аталган окуу жай К.Жумалиевдин менчик окуу жайы эмес, анын түзүүчүсү башка юридикалык ишкана экендигин, менчик окуу жай катары ага катталбагандыгын тастыктаган документтер каралган жок. Жумалиевди камаган УКМК сизге башкача маалыматтарды берип жаткандыгын, биз жактоочулар жакшы билебиз. Аны УКМКнын чыгарган пресс-релизинен көрүүгө болот. 

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Сиз көңүл бура турган олуттуу жагдай: 16-январда фин.пол тарабынан К.Жумалиевдин агасынын жана инисинин балдары кармалды. ЕРППга катталган бул иштеги көрсөтмөнү чет элдик жаран Ян Фердинанд Байер берген. Кызыгы ал жаран буга чейин нечен жолу соттолуп, “мощенник” аты менен таанылган. Бүгүнкү күндө дагы сот процесстери бүтө элек. Кеп ушунда. Мен анын жактоочусу болгом. Жактоочусу болуп калышыма дал ушул К.Жумалиевдин суранычы түрткү болгон. К.Жумалиев Фирдинанд Баерди түрмөдөн өзү чыгарган жана мага адвокат катары кеткен чыгымдарды мойнуна алган. Элчиликтен маалымат алайын деп кайрылсам, ал жердеги кызматкерлер “ушул  шүмшүктүн азабы өттү, эч кандай маалымат бере албайбыз, мындан тажап бүттүк”- деп айтышкан. “Адам аласы ичинде, наныңды жеп туруп, өзүңө бычак саят” деген кыргыздын макалында айтылгандай К.Жумалиевдин гумандуулугунан, ишенчектигинен пайдаланып, аны көндүрүп, туугандарынын балдарына атайын кредит алдыртып, жалпы сумманын 250.000 долларын накталай алып, эски таштындыга ыргытылган суу чыгаруучу техниканы алып келип койгон  чет элдик жарандын, кайра  К.Жумалиевге жана анын жакындарына каршы көрсөтмө берип  эки баланы каматтыргандыгын айтып коюшум керек.

Эки бала кармалганда фин.полдун жетекчиси С.Жапыкеев, мамлекеттик кызматкер экендигин унутуп калайык калкка мактанып опол-тоодой иш жасагандыгын айтуу менен бирге “жакында К.Жумалиев камалат” деп ишенимдүү жарыя кылды. Демек, Сыймык Жапыкеевдин бул жарыясы К.Жумалиевдин кармалып, камала турганы тууралуу анын алдын-ала билгендигин жана уюштуруу тобунун ичинде экендигин тастыктайт. Бул жерден тергөөнүн купуялуулугун жана КРнын баш мыйзамда көрсөтүлгөн (презумпция невиновности) деген беренени бузгандыгы айдан ачык көрүнүп турат. 

Урматуу Садыр Нургожоевич!

Сиздин башыңыздан дагы ак жерден каралоо, атайын уюштурулган жамандыктар өттү. Кыргызстанда гана эмес Россиядагы илимпоздордун арасында урмат-сыйга ээ, Кыргызстандын мактанычы болгон окумуштуу К.Жумалиевдин кадырын Конституциянын гаранты катары Сиз гана коргой аласыз! Эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө өмүрүн, тажрыйбасын арнаган инсандарыбызды дайым эле каралай бербейли, тепселебейли, УКМКны жамынган, мамлекеттик кызмат ордун пайдаланган атайын топко жана өзүн пиарлоо үчүн уюштурулган популисттик кадамга баргандардын курмандыкка чалуусуна жол бербейли. Бүгүнкү күндө биз, депутатыбызды мыйзамды одоно бузууга жол берип, каматып жатсак, анда жөнөкөй жарандардын укугун ким коргойт жана кантип корголот?...

Окумуштуу, академик Кубанычбек Жумалиев 65 жашта. Бул кишини Кыргызстандын интеллектуалдык байлыгы болгон тизмедеги инсандардын алдыңкы саптарында турган белгилүү окумуштуу катарынан көрүүгө болот. Учурда Жумалиев 3-баскычтагы оор гипертониялык жүрөк оорусу менен эле жабыркабай, каргашалуу июнда COVID-19га чалдыгып 78% эки жактуу өпкө кагынуу илдетине учураган. Бүгүнкү күндө ар дайым тыкыр медициналык кароонун көзөмөлүндө турушу керек. 

К.Жумалиев үй-бүлөөдө 8 бир тууган. Иниси Самарбек так ушундай мыйзамсыз 5 жылдан бери тынымсыз текшерүүгө алынып, жыйынтыгында бир ай мурун акыйкатсыздыктан запкы жеп, кайгыруунун негизинде каза тапты. Көзү өтүп кеткен эки агасынын, эки инисинин балдарын бутуна тургузуп, аларга кам көрүп, аларга аталык милдетин аткаруу К. Жумалиевдин мойнунда.

К.Жумалиевдин “эсепсиз байлыктарынын” тизмесине кирип жаткан ишканалар, турак-жайлар, туугандарыныкы экени эске алынган жок. К.Жумалиевдин жана анын туугандарынын жалпы кредитинин суммасы 16 млн АКШ доллар. Алардын кредит алышып ишкерлик менен алектенүүсүн эске албай, баарын эле Жумалиевдин мүлкү кылып, калайык калкка жаман көрсөтүшүүдө. 2020-жылы май айында Сыймык Жапыкеев деген “кухнянын баатыры”, “Жумалиевдин 2,5 млрд долларлык байлыгы бар” деп, жалган жалаа жаап, өзүнө аброй топтоду. Бирок сотто Жапыкеев бир дагы айтылган сөздөрүн далилдей алган жок. Соттон утулду. Ага кыргыз эли күбө болдук.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Мен жактоочу катары далай жолу ак жеринен ийилген, саясаттын курмандыгы болгон коомдук ишмерлерди, атка минерлерди жана жеке ишкерлерди коргодум. Мамлекеттик машинаны пайдаланып, Жумалиевдей инсанды саясатка садага чабам дегендерди токтоосуз токтотосуз деген чоң ишенимибиз бар. Сизден, К.Жумалиевди актоону эмес, тергөө амалдары укуктук талаада жүргүзүлүп,  анын  бир гана баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгартып берүүңүздү өтүнөбүз.

Сизди урматтап, жактоочу Майрамбек Жумабеков

Байланыш телефонум: 0556 642 923; 0700 642 923

Булак:NazarNews.kg

Последние новости