www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус пандемиясын толугу менен жок кылуу үчүн, дүйнө калкынын төрттөн үч бөлүгү эмдөөдөн өтүшү керек, бул болжол менен жети жылга созулат. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги билдирди.

Басылма дүйнөдө күн сайын 4,5 миллион адам эмделет деп эсептейт. Ар бир бейтап эки дозадан вакцина алаарын эске алганда, дүйнө калкынын 75 пайызын эмдөө үчүн жети жыл талап кылынат.

Эксперттердин айтымында, АКШ бул милдетти 11 айда аткарат. Учурда Израилде (100 кишиге 58 доза) жана БАЭде (100 адамга 35,8 доза) жарандардын көпчүлүгү эмдөөдөн өтүшөт.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 105 миллион 935 миң 704 адамды түзөт. Вирустун кесепетинен 2 миллион 309 миң 486 бейтап каза болду.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости