www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк дагы бир чечим кабыл алды

Улуттук банк эсептик ченди 150 базистик пунктка 10 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу башкы финансалык мекемеден билдирди.

2022-жылдын февраль айында инфляция 10,6 пайызды түзгөн, жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөн.

Улуттук банктын маалыматында, акча рыногундагы кырдаал туруктуу сакталып турат. Банктар аралык рынокто кыска мөөнөттүү чендер өсүп жатат.

«Финансы-кредит уюмдарынын ишинин негизги көрсөткүчтөрү жетиштүү запастын көлөмүн көрсөтүүдө, бул финансы-банк системасында туруктуулукту сактоого мүмкүндүк берет. Банк системасы улуттук валютада жетиштүү ликвиддүүлүк көлөмүнө ээ», — дейт банк.

2022-жылы монетардык саясаттын максаттуу көрсөткүчү болуп инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз чегинде кармап туруу саналат.

Улуттук банк тышкы экономикалык таасирлердин кесепеттерин азайтуу, инфляцияга монетардык таасир берген тобокелдиктерди бир калыпта кармап туруу жана банк системасынын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн акча-кредит саясатынын бардык инструменттерин пайдаланууга жана зарыл ресурстарды колдонууга даяр.

Тышкы чөйрөнү өнүктүрүүнүн өбөлгөлөрүн жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 10,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Зарыл болгон учурда Улуттук банк жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка кошумча оңдоолорду киргизет.

Улуттук банк инфляцияга таасирин тийгизген тышкы жана ички факторлорго үзгүлтүксүз баа берип турат жана экономикалык кырдаалга жараша акча-кредит саясаты боюнча тиешелүү чараларды көрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости