www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы менен блокчейн технологиялары жана санариптик активдердин коопсуздугу жаатындагы CertiK компаниясы Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Документке 9-сентябрда Улуттук банкта өткөн жолугушуунун алкагында кол коюлган. Анда Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев менен CertiK компаниясынын өкүлдөрү катышты.
Меморандум киберкоопсуздук, санариптик финансылык жана блокчейн технологиялары, ошондой эле санариптик активдер жаатында кызматташууну жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүүгө багытталган.
Тараптар санариптик активдердин жана блокчейн-инфраструктуранын коопсуздугу, тобокелдиктерди мониторингдөө жана баалоо, комплаенс, ошондой эле санариптик активдер тармагында кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча кызматташууну көздөшүүдө.
Мындан тышкары, эл аралык тажрыйба жана эксперттик билим алмашуу, консультацияларды жана жумушчу жолугушууларды өткөрүү, ошондой эле биргелешкен демилгелерди кароо пландалууда.
Улуттук банктын маалыматына ылайык, меморандум эки тараптын мындан аркы кесиптик кызматташтыгы үчүн негиз түзөт.