www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР Улуттук банкы адамдардын банктагы эсебинен акчасын алдаган шылуундар тууралуу эскертет.
Ведомствонун маалыматына караганда, акыркы убактарда социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу Улуттук банктын атынан финансылык жардам сунуштап, жалган билдирүүлөрдү тараткан алдамчылар пайда болду. Алар жарандардан банктык карталарынын номерин киргизүүнү суранышат.
Бул алдамчылык аракеттердин бир түрү. Анын максаты сиздин жеке маалыматтарыңызга ээлик кылуу болуп саналат. Мындай жол менен жарандар эсебиндеги акча каражаттарын жоготуп алуу коркунучу бар.
"Эч убакта жеке маалыматыңызды, картаңыздын номерин, PIN-кодду, картанын жарактуулук мөөнөтүн, ошондой эле CVV/CVC коддорун (бул коопсуздук коддору, кол коюу тилкесинде картанын артындагы акыркы 3 сан), SMS (тексттик билдирүүлөр) аркылуу тастыктоочу коддорду үчүнчү жактарга, өзгөчө бейтааныш адамдарга бербеңиз. Текшерилбеген белгисиз шилтемелерге кирбеңиз, ошондой эле ал жакка жеке маалыматтарды жана картаңыздын реквизиттерин эч качан жазбаңыз. Баардыгыңыздарды сак болууга чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg