www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жытчыл Марлен Маматалиев агымга каршы сүзбөйт

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакырылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине кезеги менен саресеп салып көрөлү. Кезек депутат Марлен Маматалиевде.

Жытчыл Марлен Маматалиев…

Парламенттеги 9 депутаты бар «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев болот. Жаш болсо дагы партиясын Жогорку Кеңешке алып келгенинин өзү эрдик болгонун айтып коюу ашыкча болбос. Саясатта такшалып келе жатат. Кырдаалга жараша шамалдын кайсы тараптан согуп жатканын илгиртпей аңдаган сапаты бар. Өтө ийкемдүү. Агымга каршы сүзбөйт. Атасы Абдрахман Маматалиевдин арты менен кадыр күтүп, саясатка аралашып, аккан арыктан суу агат дегендерден. Өмүрбек Бабанов багын ачып,2015-жылкы шайлоодо «Республика – Ата-Журт» партиясына кошуп депутат кылып, саясаттагы тушоосун кескен. Ага дейре отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп, тарбиясын алган. Шамалдын кайсы тараптан согоорун жаземдебей сезген жытчылдыгы ошондон улам болсо керек. 2020-жылы Жээнбековдон оомат кеткен шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка аттанган. Шайлоо жокко чыгып кеткен соң, «Ынтымак» партиясын түптөп парламентке алып келди. Өсө турган жигит. Такшалып келе жатат, азырынча мыкты лидер деп айтууга эртерээк. Бирок жаман да эмес. Парламенттин кадырын бийиктетпесе дагы, төмөндөтүп түшүрүп жиберген жоруктардан өзүн оолак кармап келе жатат.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости