www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банк Кыргызстандын финансы системасын кыйратууну каалап жатат деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев айтты.

Сөз Улуттук банк боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору тууралуу болуп жатат.

«Улуттук банк турганда эмне үчүн өкмөт финансы тармагын өнүктүрүү менен алектениши керек? Алардын башкармалыгында отурган 7 адам айына 300 миң сом алат. Жада калса президент дагы мындай эмгек акы албайт.

Абдыгулов (Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов) бул иш менен өкмөт алектенишин каалап жатат. Бирок финансы системасын өнүктүрүү Улуттук банктын түздөн-түз милдети», - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости