www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт мафиясы шаардык кеңештин депутаттарынын колунда. Мындай пикирди журналист жана активист Азият Жекшеев социалдык баракчасына жазды.
--"Учурдагы маршруттук таксилердин иштерин таштап жол кирени көтөрсүн деген талабы бул учурдагы Бишкек шаардык кеңештин депутаттарынын талаптары деп билгиле. Анткени жылдап иштеп келген транспорт мафиясы өздөрүнүн колдорунда. Так ошондуктан депутаттары үн катпай отурушат.
Айтмакчы азыр троллейбус жана автобустарда тыгында бараткан шаар тургундарынын көпчүлүгү жакында эле болгон шайлоодо ошол депутаттардын көпчүлүгүнө кайра добуштарын беришкен.
Негизи ушундай кырдаалды туура пайдаланып жумуштарын таштап койгон маршруттук таксилерди ошол бойдон линияларга чыгарбай коюу керек. Андан көрө тезинен автобус троллейбустардын санын көбөйтүү зарыл. Ал эми шаар тургундары дагы негизи электроскутер же велосипед сыяктуу альтернативдик транспортторду да караштырып көрсө жакшы болот. Шаар өтө чоң эмес. Бир четинен экинчисине бир сааттык убакыт", - дейт Жекшеев.
Булак: NazarNews.kg