www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 12-февралында Чолпон-Ата шаарындагы “Акылман” Президенттик лицейинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев окуучулар жана мугалимдер менен жолугушуу өткөрдү.

Иш-чаранын максаты - жаштардын мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, улуттук баалуулуктарды жайылтуу, мамлекеттик тилге кызыгууну күчөтүү жана жарандык жоопкерчиликти калыптандыруу болду.

Жолугушууда мамлекеттик тилди өнүктүрүү, билим берүү системасындагы улуттук баалуулуктардын орду жана мугалимдердин ролу боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү. Иш-чарага лицейдин 8–10-класстарынын окуучулары, мугалимдер жамааты жана жетекчилик катышты.

Бул жолугушуу кыргыз тилинин кадыр-баркын жогорулатууга жана жаш муундун жарандык аң-сезимин өнүктүрүүгө багытталган маанилүү иш-чара болду.

Последние новости