www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британия Украинадагы акыркы кырдаалдарга байланыштуу, аталган өлкөнүн экономикасын көтөрүү максатында 100 миллион доллар акча бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Британиянын президентинин пресс-катчысы Борис Джонсонго таянып чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, акыркы абалдан кийин экономикасына эбегейсиз сокку урулган Украинанын бюджетин колдоо максатында Улуу Британия акча бөлүп, которулган акча мамлекеттик кызматкерлердин айлык маянасына, социалдык төлөмдөргө, жөлөк пул жана пенсияга берилет.
Эске сала кетсек, Орусия - Украина согушу 24-февралда башталып, бүгүнкү күнгө чейин 1,5 миллион Украинанын жарандары өз өлкөсүнөн чыгып кетишти.
Булак: NazarNews.kg