www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улар кушу - бийик тоолордо гана кездешет. Жапайы тоо үндүгү аталган улар Азиянын жана Кавказдын 1500-5100 бийиктикке чейинки тоолуу аймактарын байырлайт. Учурда аталган канаттуунун дүйнөгө белгилүү болгон беш гана түрү бар. Алар алтай улары, гималай улары, кавказ улары, каспий улары жана тибет улары деп аталат. Булардын ичинен Кыргыз өлкөсүнүн көк тиреген тоолорунан гималай уларын кездештирүүгө болот.

Улар тоонун чокусунда өскөн чөптөр менен азыктангандыктан, эти баалуу чүйгүн азык катары бааланат.
Гималай улары жөнүндө кызыктуу фактылар:

  • кар алдындагы өсүмдүктөр, бадалдардын жалбырактары жана майда курт-кумурскалар менен азыктанат;
  • өңү ачык боз түстө келип, майда ак темгилдүү болот. Моюнунун, куйругунун астыңкы жүндөрү агыш жана моюнунун эки капталында кара күрөң сызыкчалары бар.
  • денесинин узундугу 50-70 сантиметр;
  • уясын аска боорундагы шагылдуу жана чөптүү жерди анча терең эмес казан сыяктуу казып, астына жүндөрдү же өсүмдүктөрдүн сабактарын төшөйт;
  • жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн аскаларда өткөрөт;
  • улар башка канаттуулардай болуп көп учпайт;
  • күз-кыш мезгилинде алар 15-20дан топ-топ болуп жашашат;
  • сактыгы жагынан сагызгандан кем калбайт;
  • канат, куйруктары үкү топу жасоодо колдонулуп келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости