www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу Кыргызстандыктар! Соц түйүндөрдө фейк аккаунттар ар бир жасалып жаткан иштерди сындап, элдин пикирин тескери бурганга аракет жасап жатышат. Кээ бир оюу бузук сайттар, журналисттер да бар. Мисалы, каржы полициясы ички иштер министрлигинин алдына барат экен деген маалыматты таратышты. Миграция министрлиги саламаттыкты сактоо министрлигине кошулат экен деп, талкуу жаратышты.

Өкмөт чечим кабыл алып, официалдуу түрдө билдирүү таратмайынча ишенбеңиздер. Ар бир жасалып жаткан ишибиз элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана болот. Айрым иштердин жыйынтыгы үч айдан беш айга чейин жемишин берет.

Ошондуктан, ар бир жасалган кадамды сындаардан мурда, жыйынтыгын күткүлө урматтуу сынчылар. Жыйынтыгы элдин, мамлекеттин пайдасына чыкканда өзүңөр эле уят болуп каласыңар.
Мурдакыдай бир топтун кызыкчылыгы үчүн жасалчу иштерди түп тамырынан жок кылдык”, - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости