www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаров бийликке эң оор мезгилде келди. Анткени, пандемиядан кийин Кыргызстандын экономикасы “мышык ыйлай турган” акыбалга келип калган. Анын үстүнө мурдагы ажолордун чет элден алган карыздарын төлөө милдети да азыркы ажонун моюнуна жүк болду. Мындай пикирин Апрель Баатыры Умар Анарбаев билдирди.
"Бирок, ошого карабай Садыр Жапаров, “белди бекем бууп” өз ишине батыл киришти.
Эң биринчи эле мамлекеттин коопсуздугун ойлоп кыргыз армиясын күчтөнтүүгө көңүл бурду. Ал үчүн бюджеттен миллиардаган каражаттар бөлүнүп куралдуу күчтөр мурда болуп көрбөгөндөй заманбап техникалар менен жабдылды.
Атап айтканда, кыргыз армиясы Акынжы, Байрактар сыяктуу учкучсуз учактарга ээ болуп, мындан тышкары тик учактар, абадан коргонуу боюнча атайын техникалар мамлекетке сатылып алынды.
Катардагы аскерлердин, офицерлердин турмуш-тиричилиги жакшырып өлкө боюнча бир нече заставалар, чек ара түйүндөрү жаңыланды.
Аскер кызматтагылардын айлыгы 5 эсе көбөйтүлүп орто эсеп менен 80 миң сомду түздү. Калыстык үчүн айта кетсек, буга чейинки бир да мамлекет башчысы кыргыз армиясына мынчалык көңүл бурган эмес.
Садыр Жапаров саны бар сапаты жок, чиновниктердин санын кыскартты. Президенттик аппараттан баштап айыл өкмөткө чейи кыскаруулар жүрдү. Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин айлык акысы кыйла жогорулап, алардын жоопкерчилиги күчөтүлдү.
Мугалимдердин, врачтардын, укук коргоо органдарынын, маданият кызматкерлеринин айлык акылары көтөрүлдү. Пенсиялар, жөлөк пулдар көбөйтүлдү. Мурда кийин мындай массалык түрдө айлык акыларды, пенсиялар менен жөлөк пулдарды жогорулатуу болгон эмес.
Атамбаевден бери айтылып бирок, ишке ашпай келген өлкөнү санариптештирүү да оң жолго коюлуп баардык иш кагаздары, калкка кызмат көрсөтүү санарип форматка өттү.
Өлкө боюнча калктын аярлуу катмарына жардам берүү максатында 100 миң сомдон чакан ишкердик кылуу үчүн кайтарымсыз акча каражаттары берилди. Каражатка ээ болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен, кадимкидей турмуш тиричилигин жакшыртып кирешесин арбытып жаткандар да бар.
Ипотека саясатын жакшы нукка салып, элдин жашоо шартын ыңгайлуу жол менен чечилишин камсыздап жатат.
Президенттин айтуусунда 2030-жылдарга элдин турак жайга болгон муктаждыгы толук чечилет, жер көлөмүн кыскартпай, орусча айтканда не в ширину а в высоту деген принцип менен... .
Кумтөр маселеси өзүнчө кеп кылууга арзыйт. Ачык айтканда Кумтөр Садыр Жапаровдун тагдырына айланып калды десем жаңылышпайм. Кумтөрдү элге кайтаруу үчүн узак жылдар бою күрөш жүргүзүп келди. Ак жеринен эки жолу камалып, үй-бүлөсү жакындары ошол кездеги бийлик тарабынан куугунтуука алынды.
Кумтөр деп жүрүп оор тагдырга туш болуп өмүрү коркунучка кептелсе да, Садыр Жапаров артка кайткан жок. Ал өзүнүн көктүгү, эр жүрөктүүлүгү, тайманбастыгы менен акыры жеңишке жетишип, убадасына туруп Кумтөрдү кыргыз элине кайтарып берди. Бул Кыргыздын тарыхында алтын тамга менен жазылып кала турган иш!
Кумтөр алтын кени мамлекетке өткөндөн кийин, 2022-жылга карата үлүштүк кирешеден эле 140 миллион доллар пайда түшкөн.
Канадалыктар болсо 28 жыл ичинде болгону 100 миллион доллардын тегерегинде пайда келтирген. Калганы “бармак басты көз кысты” болуп ошол кездеги чоңдордун кулкунуна куюлуп турганы айкын эле билинип калды.
Учурунда куугунтукка кабылып, ошол кездеги бийликтин "кекиртегине сайылган кылкан болуп", ЖКнын трибунасынан чырылдап Кыргыз Элинин алтынын "ак сөөк" аталган акционерлер чет өлкөлүк шылуундар менен бөлүшүп атат деген Садыр Жапаровдун айтканы далилденип турат!
Жолдорубузду да ар кайсыл шылуундар бир күрөгү жок же бир велосипеди жок Уставдык Фондунда бир тыйыны жок келип сапатсыз салып миллиондогон каражаттарды “сугунуп” кетишер эле, Тайырбек Сарпашев деген сөрөйдүн "ачылыш кылып" ойлоп тапкан Тендер "теңин бер" деген коррупциялык схемасынын айынан.
Эми мындан ары баардык жолдорду мамлекет өзү салмай болду.
Ал үчүн жүздөгөн атайын техникалар алынып келинди. Кыскасын айтканда, баардык тармактарда алдыга жылуулар таасын байкалып турат.
Садыр Жапаровдун “мыйзам алдында баары бирдей” деген принцип менен иш алып баруусу арты таза эмес аткаминерлердин ”түн уйкусун үч бөлдү”. Эл ичинде “кустуризация” деп аталган жемкорлук менен болгон күрөш, колу таза эмес министр, депутаттардан баштап майда барат чиновниктерге чейин жетти.
Натыйжада казынага миллиондогон каражаттар келип түшүп жатат.
Мурда мамлекеттик кызматка келип байыган, кадимкидей эле көрүнүш болсо, азыр таза эмес чиновниктер үчүн, мамлекеттик кызмат түз эле түрмөгө баруунун бир жолу болуп калды. Мурда баардыгы кызматка жулунса, азыр кызматтан качып калышты... .
Анын үстүнө Садыр Жапаровдун өзүнүн бир тууган агасынын баласын да аябай “мыйзам алдында баары бирдей” деп каматып койгону, калк арасында Садыр Жапаровго болгон элдин ишенимин мурдагыдан да жогорулатты.
Жыйынтыктап айтканда, Садыр Жапаровдун бийликтеги алгачкы 2,5 жылдыгы абдан жемиштүү болду деп айтууга толук негиз бар.
Аталган жылдар аралыгында Кыргызстан чек арасын бекемдеп, коргонуу мүмкүнүчүлүктөрүн арттырып экономикалык жактан секирик жасай алды.
Эл аралык саясатта коңшу жана башка мамлекеттер менен болгон алаканы бекемдеп, тең ата сүүйлөшүүгө жетишип Кыргызстандын аброюн көтөрө алды.
Кудай кааласа, мөөнөтүнүн аягына чейин Садыр Жапаров элдин алдында берген убадасына туруп мамлекетибизди өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошот деген илгери үмүт бар". - деди Умар Анарбаев.