www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын декабрь айынын башында Ысык-Ата РИИБге 1995-жылы туулган Т.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, “Антон” аттуу чала таанышы ишенимине кирип, унаасын ижарага алып, ошол бойдон дайынсыз болуп кеткенин билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБдин жана Ысык-Ата РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1990-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалган.

Териштирүү учурунда кармалган жаран унааларды ижарага алгандан кийин качып кеткен дагы 2 фактыга тиешеси бар экени аныкталган. Алардын бири Ысык-Ата районунда, экинчиси Аламудүн районунда орун алган.

Шектүү жаран ижарага алган унаалардын бирин башка унаага алмаштырып жибергени маалым болгон.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, мындан башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости