www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги жарандык активист Уран Рыскулов менен Кантта жайгашкан орустардын авиа базасы тууралуу сүйлөштүк.

--Уран мырза, неге Канттагы авиабазанын жерин орустарга бекер пайдаланууга берүү маселеси айтыла баштады? Алардын Кыргызстандын территориясында турганы эле бизге пайдабы?

--Канттагы орустардын авиа базасына жерди бекер бергенге болбойт. Анткени, алар бизди сырткы күчтөрдөн коргомок турсун, өздөрү мамлекетибиздин коопсуздугуна коркунуч келтирет. Биз сырткы күчтөрдөн эмес, ошол аскердик базасы жайгашкан  өлкөдөн сак болушубуз керек. Канттагы база бизди кандайдыр бир душмандардын баскынчылыгынан сактай албайт. Тескерисинче ошол аскердик базасын жайгаштырган өлкөнүн тепсендисинде калдык дегенди түшүндүрөт. Кечээки дүйнөлүк короновирус аферасынан кийин ала кушту атынан атай турган кырдаалга келип жеттик. Сырткы күчтөрдүн базасынын жайгашышы улуттук көз карандылыктын жоголушуна барабар иш десек туура болот.

Бул маселенин азыр көтөрүлүшү сырткы күчтөрдүн азыркы кырдаалга болгон аналитикалык байкоолору себеп болуп жатат. Дүйнөдө ошонун ичинде Кыргызстанда короновирус аферасынан кийин чоң өзгөрүүлөр башталат. Дүйнө эли эскиче жашаш туура эмес экенин баамдап турганда, орустар авиа база аркылуу Кыргызстандагы саясий-экономикалык абалды көзөмөлдөөгө аракет кылышат.

--Аталган базаны Баткенге көчүрүп, алардан түшкөн каражат менен Баткен облусунун инфраструктурасын оңдоп, орустардын жардамы менен чек ара маселесин чечип алууну да сунуш кылгандар бар. Буга не дейсиз?

--Базаны Баткенге көчүрүү маселесин көтөргөн кишилер геосаясатты түшүнбөгөн дилетанттар.  Алар көч десе эле орустар көчүп кетмек беле. База чек ара маселесин чечиш үчүн келген эмес. Алар кыргыз бийлигине саясий басым жасап туруш үчүн атайын борборго жакын жайгаштырылган.

--Кокус булардын жардамы керек болуп калса, орустардын авиабазасы Кыргызстанды коргойбу?

--Эгерде өздөрүнүн кызыкчылыктарына туура келбесе коргобойт. Саясатта досчулук болбойт. Кырдаалга көз каранды болгон кызыкчылык гана эске алынат. База бизге пайдадан да көп зыян алып келет. Мисалы, кечээки эле үйүнөн чыга албай, элдик кошун түзүп алып, короосуна "Альфаны" киргизбей Кой-Ташта камалып калган Атамбаев Россияга орустардын  базасы аркылуу  учту го. Чынында бул нерсе  эл аралык ченемдерге туура келбеген мыйзам бузуу. Чек араны кесип өтүү регламентин тастыктаган мыйзамдар бар. Канттагы авиабазадагы мына ушундай мыйзамга каршы келген иштер орустардын авиа базасы аркылуу  Кыргызстанга ким кирип, ким чыгып жатканына көзөмөл кыла албай калганыбызды тастыктайт. Бизге мындан ашкан дагы кандай мамлекетибизге  коопсуздук жараткан окуялар  керек?...

Ушундан эле базанын канчалык деңгээлде зарылчылыгы бар же жок экенин билип койсок болот го...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости