www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына келбей тургандыгы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, алгач Синдзо Абэ 9-майдагы иш-чарага катышууну, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугушууну пландап жатканы кабарланган. Бирок дүйнө жүзү жапа чегип жаткан коронавирус пандемиясынан улам ал бул иш-чарага катыша албай тургандыгын билдирген.
Эске сала кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парады коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган. Жеңиш парадына мурунку Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн башчылары чакырылган.
Ошондой эле парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы катышаары белгилүү болгон.
Булак: NazarNews.kg