www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жерүй” боюнча Бабанов жана Атамбаев тарых алдында жооп беришет”, - деди бүгүн, 24-мартта NazarNews маалымат агенттигине активист Уран Рыскулов.
-Уран мырза, “Жерүй” кени ишке берилди. Кыргызстандыктар бу сапар жемибизди жедирбей турган шартта “Жерүйдү” ишке киргиздикпи?
-“Жерүй” кенинде кыргыздын бир тыйын дагы үлүшү жок. Өкүнүчтүүсү “Жерүй”, “Кумтөр” аферасынын экинчи сериясы болду. Бул нерсе менен кыргыз эли “Кумтөрдөн” сабак албаган бир шордуу эл экенибизди далилдедик.
-Кандайча Кыргызстандын ырыскы уурдала турган, шылуундардын максаты ишке аша турган келишимге жол берилген?
-“Жерүй” боюнча конкурстук комиссияга атайын Бабановдун партиясынан анын тарапташтарынан комиссиянын төрагасы кылып шайлашкан. Конкурстун шарты менен "Кыргызалтын" утуп чыккан. Мындай жыйынтыкты күтпөгөн комиссиянын төрагасы мына кол койобуз деп турганда протоколду алып, залдан чыгып кеткен. Эртеси түн жамынып комиссия мүчөлөрүн үймө үй кыдырып, алдашканбы же коркутушканбы айтор, кол койдуруп алышат. Аны бүгүнкү күнү ошол кездеги "Кыргызалтындын" вице-президенти С.Абдрахманов массалык маалымат каражаттарында ачык эле айтып жүрөт. Ошол конкурстун өтүшү боюнча эртеби, кечпи Бабанов жана Атамбаев тарых алдында жооп беришет.
Булак: NazarNews.kg