www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урмат Самаев Токмок шаарынын мэри болду

Токмок шаарынын мэри болуп Урмат Самаев шайланды. Ага шаардык кеңештин 19 депутаты добуш бергенин бүгүн, 26-августта Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Экинчи талапкер Азат Кубатбек уулуна 11 добуш тийди.

Добуш берүүгө 31 депутаттын 30у катышты.

Бул шаарда мэрликке эки талапкер көрсөтүлгөн. Шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаевди, азчылык коалициясы шаардык кеңештин “Эмгек” партиясынан депутат Азат Кубатбек уулун көрсөтүшкөн.

Добуш берүү дээрлик үч саат кечигип башталды. Буга депутаттар чогулбай, кворум жок болуп жатканы себеп болду.

Токмокто 11-июлда өткөн жергиликтүү шайлоодо шаардык кеңештеги 31 орундан "Бирге-Вместе" партиясына тогузу, "Эмгекке" сегизи, "Асыл Мурас-Жаштарга" бешөө, "Патриот Ынтымагына" бешөө жана "Эл Биримдигине" төртөө тийген.

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларында да мэрлерин шайлоо болду. Бишкекте Айбек Жунушалиев 45 депутаттын 43нүн добушун алды, Ошто Алмаз Мамбетов да 45 депутаттын 43нүн колдоосуна татыды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости