www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Буга чейин, эл арасында бийлик Нариман Түлеевдин “Сапат бизнес борборун” тартып алат экен”, деген сөздөр кызуу талкууланды эле. Андан сырткары имаратка Финполиция көз салганы тар чөйрөдө айтыла баштаган. Буюрса, тартып алышат окшойт.  Мына бүгүн, таңкы саат 7лерде укук коргоо органдары басып алышты. Эми эч кимди киргизбей жатышат", - деген пикирин билдирди, Урматбек Акунов.

“Менин угушума караганда бул имаратка Финполициянын башында турган бир адам келет имиш. Билесиңерда аталган бизнес борбор, 2006 – жылы Нариман Түлеев мэр боло элек мезгилинде эле, анын маркум  атасы, Ташполот аксакал тарабынан курулган. Ушул тапта Наримандын атасы курган имарат экенине карабай бийликтегилер тартып алууга аракет кылып жатышат. Менин угушума караганда бийлик мунун менен токтоп калбай "Наримандын мүлктөрүн тымызын ич-ара бөлүшүп жатат", деп угуп жатам. Кыскасы бул бийлик, бийликке “захват” менен келгени аз келгенсип, бирөөнүн байлыктарына суук колун салып жатканы туура эмес. Эми бети жок бийлик, эми Нариман Түлеевдин атасынын имаратын тартып алды. Мунун арты жакшылык менен бүтпөйт. Эл өзү араң турат. Дагы биз чоңдор Кыргызстанга эч нерсе завод-фабрика салбайт деп коёбуз, келген бийлик эле тартып ала берсе, атасынын башына салабы? – дейт Нарын облсунун тургуну Урматбек Акунов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости