www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) онунчу Борбор Азиялык соода форумун онлайн өткөрөт. Борбор Азияда соода жүргүзүүнү жана байланыштуулукту өнүктүрүүгө арналган эл аралык форум 2020-жылдын 16-20-ноябрында өтөт.

Маалыматка ылайык, быйыл форумдун темасы “Борбор Азия – өсүү жана гүлдөп-өнүгүү” деп аталат. Ал COVID-19 пандемиясынан кийин экономикалык калыбына келүү убагында Борбор Азиядагы жаңы тенденцияларды жана рыноктун реакцияларын изилдөөгө арналат.

Белгилей кетсек, беш күндүк иш-чара глобалдык жана жергиликтүү эксперттерди, новаторлорду жана эксперттердин катышуусу менен Zoom, Facebook жана YouTube платформаларында өтөт.

#CATF2020 форумуна акысыз www.catradeforum.org сайты аркылуу катталса болот. Ошол эле жерде толук күн тартиби жана спикерлер жөнүндө маалымат менен таанышууга болот.

Ошондой эле катталгандар Борбор Азиядагы товар ташуу тутумуна COVID-19дун таасири, туризмди калыбына келтирүү, аймактык энергетикалык рынокту өнүктүрүү, электрондук сооданын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик жана жеке секторлордун ортосунда диалог, аймактардан чыккан аял ишкерлердин тажрыйбасы жана башка темалары боюнча талкууларга катыша алышат.

Эске салсак, форумда Казакстандан, Кыргыз Республикасынан, Тажикстандан, Түркмөнстандан жана Өзбекстандан чыккан 20дан ашык жашылча-жемиш ишканалары коңшу өлкөлөрдөн, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт.

Алар Бүткүл дүйнөлүк чекене соода форумунун негизинде жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости