www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үстүнөн 35 арыз түшкөн кыз кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 19 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал өз арызында Б. аттуу кыз менен М. аттуу жигит  “Форекс” фонддук биржасынын кызматкерибиз деп өздөрүн тааныштырып, арыз ээсинин 1 миллион 615 миң 900 сом акчасын терминал аркылуу алышып, из жашырып кетишкен.

Милиция кызматкери ыкчам түрдө тергөө иштеринин жүргүзүшүп кылмышка шектүү 2001-жылы туулган А.Б. аттуу жаранды кармашты.

Мындан сырткары, Т.М. аттуу жаран дагы аныкталган. Азыркы учурда бул ишке юридикалык баа берүү боюнча иштер жүрүүдө. Кармалган кыздын үстүнөн дагы 35 арыз түшкөн. Зыян келтирилген сумма аныкталууда.

Биринчи Май райондук соту кармалган кызды 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Жабыркагандар же маалымат билгендер болсо төмөнкү номерлерге кайрылууну Биринчи Май РИИБи өтүнөт:

0 (312) 56-32-48, 0(550)-10-23-60, 0(501) 10-21-02, 0(706) 10- 21-02), 0(707) 71-71-14) же 102.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости