www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын бир жакшы баалуулугу бар. Ал башына иш түшүп, жыгылганды эч качан тепкилебеген. Бүгүн кадимки Равшан Жээнбеков караан калгыр саясаттын айынан тагдырдын сыноосуна моюн сунуп, абакта күн кечирүүдө.

Албетте, бул жагына кезеги келгенде мезгил өзү баа берер. Биздин айталы дегенибиз, каарманыбыз да кезегинде экс-президент Аскар Акаевдин көздөй жардамчысы болгон. Дал ушул кызматты аркалаган соң анын саясаттагы тушоосу кесилип, андан аркы саясаттагы бактысына жол ачылган, Равшан Бабырбекович өз убагында Акаевдин тилин таап, күнүмдүк жашоосуна жана өзүнүн баскан турган жашоосуна жеткидей бизнести топтоп алганын аны жакындан билгендер айтып жүрүшөт.

Болбосо, айылдан чыккан карапайым жигиттин ишкерге айлануусу азыркыдай шартта күмөн эле да. Неси болсо да мойнуна илинген «чынжырдан» эртерээк бошонуп, үй-бүлөсүнүн кашына кайтып келишин каалайбыз.

Булак: Де-Факто

Последние новости