www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдөгү атактуу жарандар тарабынан куран окутууга, той өткөрүүгө уруксат берүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев эпидемиологиялык кырдаал тууралуу билдирип жатып айтты.
"Аттуу-баштуу эле адамдар үй-бүлөлүк иш-чараларды кафе, ресторандарда өткөрүүгө уруксат берүү боюнча кайрылып жатышат. Ошондой эле жеке ишкерлер, тагыраагы кафе, ресторандарды иштеткендер тарабынан дагы штаттык режимде иштөөгө уруксат качан берилет деген кайрылуулар болууда. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Андыктан массалык иш-чараларды өткөрүүгө азырынча уруксат берилбейт", - деди ал.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын 12-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 166 учурга жетти.
Стационарда – 472, алардын ичинен реанимацияда – 1. Ал эми ооруканадан чыгарылгандардын саны – 1668ди түзсө, каза тапкандар 26га жетти.
Булак: NazarNews.kg