www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эки ирет Каржы министрлигин жетектеп, 3 ирет парламентке депутат болгон Акылбек Жапаров кезегинде кадимки Абдыжапар Тагаевдин жардамчысы болуп жүрүп, чоң саясатка кадам салганы бар.
«Жакшынын шарапаты» дегендей, Абдыжапар агабызды жандай жүрүп, саясатка шилтеген кадамы арыштуу болгон Акылбек Жапаров тээ башында «тушоосун дурустап кестирип алса керек». Ошондон бери бетинен бит тайгаланып, кызматтык бактыдан куру болбой келет. Эки ирет каржы министри, экономика министри, парламенттин 3 чакырылышына депутат, 1-вице-премьер-министр өңдүү үлкөн кызматтарды катар-катары менен чеңгелдеп, кызматты копол тоодой бак күткөн.
Бүгүн ушундай жолду басканына каниет кылбай, премьер-министрликке көз артып, жердеши Абылгазиевге ор казгандагы кербезиби?
Кезегинде ыраматылык, бейиши болгур Турдакун Усубалиевге да өңгөлөр эмес, дал ушул Жапаров капталдан каршы чыгып, кыжырды кайнатканы бар. Көрсө, бул эргул жердештерине каршы чыккандан «кайф алат» окшойт.
Минтип отурса, анан кантип буга өкмөт башчылык буюрсун? Бирөөгө капталдан качыра чыгып, буттан чалган Кудайга деле жакпайт да, туурабы?
Булак: Де-Факто