www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-июнда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россия күнүнө карата өлкөнүн президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жиберди. Бул тууралуу Түндүк Кореянын телеграфтык агенттигинин маалыматына шилтеме берип, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Россия күнүнө карата Түндүк Корея өкмөтүнүн жана элинин атынан Россия элине, өкмөткө жана сизге ысык салам менен куттуктоо жолдойм. Бүгүнкү күндө орус эли сиздин кубаттуу башкарууңузда. Россиянын бардык кыйынчылыктарды тайманбастык менен жеңип, өнүгүү жолунда бара жатканына Түндүк Корея эли чын дилинен кубанычта", - деп айтылат куттуктоосунда.
Ошондой эле, Ким Чен Ын Путинге чың ден соолук жана ишине албан-албан ийгилик каалап, Россиянын элине өнүгүү жана бакубатчылык тиледи. Мындан тышкары, ал тарыхий мааниге ээ Орус-Корей достугун мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин кошумчалап, Путин менен болгон алгачкы жолугушуусун кубануу менен эстей тургандыгын айткан.
Эске сала кетсек, эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу 2019-жылы 25-апрелде Владивосток шаарында болуп өткөн. Жолугушууда Ким Чен Ын Путинге кылыч белекке берген.
Булак: NazarNews.kg