www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тарыхында өкмөт башчылыкты өңгөлөрдөн өзгөчө жетектеген бир инсан бар. Ал Апас Жумагулов. Жараткан Жумагуловдун маңдайына эки ирет өкмөт башчылыкты жазган экен, экинчисинде дээрлик 5 жылга жакын премьер-министр катары эгемен өлкөбүздүн тарыхындагы эң узак башбакан болуп иштегенин тарыхтан кабары жок кийинки муундар анчейин жакшы биле беришпейт.

Мына ушул Апас аксакалга жардамчы болуп, анын арты менен бир катар «креслолорду жыртып отуруп», бир кездеги шефи сыяктуу өкмөт башчылыкты аркалап, бул орундан кыргызга кетпес кегиндей иш жасап, акыры өлкөдөн куулуп кеткен Данияр Үсөновдун да карьерасы алгач жардамчылыктан башталган. Анын Апас аксакалдын жардамчысы болуп, көп убакта жандоочусу болгонуна атасынын таасири болгону бизге маалым.

Тагыраагы, Данияр Үсөновдун атасы менен Апас Жумагулов жакын достордон экендиги, экөөнүн ынактыгы аяш уулунун карьерасынын жол ачылышына алып келген.

Эгерде Апас Жумагулов кыраакы болгонунда өз жардамчысынын «жуликтигин» убагында байкап, жанына жакын жуутпай койгондо кыргызга кылган жакшылыгы болот беле?

Өзү өстүргөн кадр ага сыймык алып келбей, кыргыз элинин башына чычып алып баса бергенине аксакалдын азыр деле ичи ачышса керек.

Булак: Dе-Факто

Последние новости