www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз улутунун касиет, кутун учурган терс мамиле көп болуп жатат. Мекенге, жерге, элге, улуттун уюткусу болгон улуу дөөлөт, мурастарга аздек, аяр мамиле кылбасак оңолбойбуз...
Кезинде Азиянын арстандары аталган улуу элдин урпактары барган сайын майдаланып баратат. Өзүнүн кадырын, өзүнүн наркын сактай албай, тебелендиге калтырган намыссыз абалга жетип калды.
Намыссыз элге, кыргызга боло берет деген ниети бузук, ичи арамдар элибиздин кутун качырып, касиет-арын тебелеген бузукулук иштерин көз көрүнө жүргүзүп жатышат. Өкүнүчтүүсү, бирөө жарым ээсин жыйып, тескери көрүнүшкө маани берип, болду токтоткула дегенге жараша элек.
Мына, жөнөкөй эле мисалга токтолсок жетиштүү болот. Канча жылдан бери, "Манас", "Бакай" "Семетей", "Сейтек", "Ала-Тоо", "Ысык-Көл" деген арак, коньяк чыгып келе жатат. Кимдир бирөө "Ой акмактар, Манас кыргыздын рухунун туу чокусу, элибиздин намысы, сыймыгы, атын булгап арак, коньякка койбо", - дегендер болдубу? Болсо да, аны угуп, эсин жыйып, арына келген бийлик, же кыргыз болдубу? Жок. Анан кантип бизди бөтөндөр сыйласын?
Учурунда дал ушул маселеге байланыштуу Манасчы Дөөлөт Сыдыков чыркырап чыгып, КТРКда атайын талкуу уюштуруп, ошол кездеги Жогорку Кеңештин мыкты депутаты Рыскелди Момбеков коомго коңгуроо кагышты. Ал түгүл Манасты коргоо, өнүктүрүү мыйзамы иштебей ушундай иттиктер болуп жатканы айтылып, бийлик Манасты коргоону колго албай, кордотуп жатканы айтылган. Өзгөрүү болдубу? Нөл.
Бул аз келгенсип, айрым дин фанаттары Манасты ашата сөгүп жатканы боюнча илимпоз Гүлзат Аалиева мисалдар менен кан какшап айтып келет. Ким үн катып, чара көрдү? Эч ким. Кумга башын тыгып, көчүгүмдү бөрү жесин болуп отурушат. Бүгүнкү күндө кыргыз Шайлообек Дүйшеев жазгандай "күн жыгылып жатса да тургузбаган кайдыгерликтин" сазына батып калган.
Анан буларга боло берет, жараша берет дегендей, кынуусун алган шумпайлар, кыргыздын улам бир баалуулуктарына кол салып, четинен кемиргенди адатка айлантып алышты. Алар сырттан келип жаткан жок. Өзүбүздүн эле түшүнүгү тайкы, же ичи бузук, колтугунда котур ташы бар мекендештерибиз...
Жакында дагы кыргыздын улуттук суусундугу, баалуулугу саналган кымызды келеке, шылдың кылган "Кымыз арак" деп чыгарышты. Бул көрүнүш кыргыздын кымызы арактан айырмасы жок дегенди туюнтуп турат. Сыягы, намыссыз кыргызга боло берет деген саясат ушуга жеткирип жатат өңдөнөт.
Эсиңерде болсо, буга дейре "Ала-Тоо", "Ысык-Көл" деген аталыштагы туалет кагаздары чыккан. Коомдо чоң талкуу жүргөн. Натыйжада, кыргыздын ыйыктарын "көт аарчыдай" пайдаланабыз деген өңдүү мазак, кордоого бөгөт коюлган.
Негизи, ушундай терс көрүнүштөргө жол берилбеш керек. Мамлекет өз улутунун намысын, беделин, рухий баалуулуктарын коргоп, өнүктүрүүгө тийиш. Деги эле, кыргыздын касиетине, эли-жерине байланышкан баалуулуктары, аталыштар мыйзам менен корголуп, тескери, нарксыз көрүнүштөргө колдонгонго тыюу салыныш керек. Антпесе, улут катары, мамлекет катары жашаштын зарылдыгы барбы?
Өлкөбүздүн аталышы Кыргызстан, борбору Бишкек ичимдиктин атын алып жүрөт. Чет өлкөдө аябай таанымал. Кыргызстан десе коньякты элестеткендер жок эмес.
Өкүнүчтүүсү, өлкөбүздүн аталышынан тартып, анын борбору, рухий баалуулуктары (Кыргызстан, Бишкек, Манас, Бакай, Семетей, Сейтек, Кымыз, Ала-Тоо) баары бүтүндөй ичимдик жыттанат. Анан кантип кут байыр алсын?
Өлкөбүздү, Ала-Тообузду, Манасызбызды, Бакайыбызды эстен танганча арак кылып ичип жатсак, мамлекеттин, улуттук нарк-насил, баалуулуктарыбыздын касиети калабы? Токтотолу. Арыбызга келип, жогорудагы аталыштагы ичимдиктердин чыгышына тыюу салыныш керек. Башка ат менен чыгарышсын.
Деги эле, башка өлкөлөр өз мамлекетинин атынан же ыйык туткан рухий баалуулуктарынын атынан ичимдик чыгарганын көрбөптүрмүн. Маселен, алыс барбайлы, Өзбекстан, Казакстан деген аракты көргөнүм жок. Же мен эле көрбөй калып, өзүбүздөгү жагдайды көбүртүп, трагедия көрүп жатамбы билбейм...
Алмаз Темирбек уулу
Булак: NazarNews.kg