www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиядагы жер титирөөдөн кийин Малатия шаарында буту жабыркаган ит куткаруучуларга урандылардын астынан кеминде беш адамды табууга жардам берди. Бул тууралуу Trhaber агенттиги билдирди.
Кепюк аттуу иттин буттары айнектин сыныгынан улам жабыркаган.
«Жеринде ветеринар ага жардам берип, жараатын дарылап, таңып койгон. Азырынча анын ден соолугунан эч кандай көйгөй жок. Биз ишибизди улантуудабыз», - деди кинолог Дерсим Булут.
Ит ар кайсы шаарларда иштеген, анткени өзгөчө кырдаалдар же табигый кырсыктар учурунда расмий тапшырмаларды аткаруу үчүн атайын даярдыктан өткөн.
Жер титирөөдөн кийинки биринчи күндөн тартып жаныбар кинологдордун коштоосунда трагедия болгон жердеги адамдарды куткарууга жардам берип келет.
Кинолог Дерсим Булуттун айтымында, Кепюк урандылардын астында аман калган беш адамды табууга жардам берген.
Булак: NazarNews.kg