www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын Огайо штатындагы Остинтаун шаарынын тургуну апасына донор болуу үчүн 23 килограмм арыктоо чечимин кабыл алган. Бул тууралуу 21 WFMJ басылмасы билдирет.
Маалым болгондой, 2022-жылы Линда Илич узакка созулган оорудан кийин боорунун иштөөсү начарлай баштаган. Дарыгерлер анын уулдарынын бири Бен Иличке 23 килограммдай арыктаса донор боло аларын айтышкан. Салмагы 138 килограмм болгон Бен арыктоо үчүн спорт менен активдүү алектене баштаган. Аны колдоо үчүн бир тууганы Майк дагы машыга баштаган.
Бир туугандар жумасына төрт жолу жогорку интенсивдүү машыгууга барышкан. Натыйжада Бен 18 килограммга арыктаган, бул убакыттын ичинде апасына ылайыктуу донор табылып, операция ийгиликтүү өткөн. Учурда анын абалы жакшы экени айтылат.
Буга карабастан, Бен менен Майк ден соолугун жакшыртуу үчүн машыгууларды улантышкан.
Булак: NazarNews.kg