www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өзүн таасирдүү адам катары көрсөтүп, жаранды алдап, 552 миң сом акчасын алган жаран кармалды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 1983-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, 27-марттан 21-майга чейинки аралыкта «Умид» аттуу адам уулун кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп берүүнү убада кылып, «тиешелүү органдарга берем» деген шылтоо менен 552 миң сом алган.
Бирок убада аткарылбай, акча жеке керектөөлөрүнө жумшалганы аныкталган.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, ал Ош облусунун 1986-жылы туулган М.З. аттуу тургуну экени аныкталган.
Жыйналган материалдардын негизинде 15-августта ага карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча иш козголгон.
М.З. кармалып, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.