www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg”маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес. Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Рубрикабыздын кезектеги каарманы ырчы Айгерим Эшим болмокчу. Ырчы кызыбыз акыркы жылдары чыгармачылыктын үстүнөн кызуу иштеп жаткан маалы. Ошентсе да Айгеримде идея калбай калганбы же “Хит ырды жаздыра калсам хит болуп кетемби?”- деген ойдо калганбы айтор белгисиз... Билгениңерди кылгыла дегендей эле таасир калтырган ырчы кызыбыз өзбек элинин (Достон Эргашев – Кузмунчогим) аттуу ырын аткарып чыкты. Ырынан үзүндү жүктөп “Көз мончок. Жакса жакшы комментарий калтыра кетиңиз. Жакпаса жөн эле өтүп кетиңиз. Жаман сөздүн не кереги бар дейм да”-деп балп этти. Ырдын оригинал өзбек версиясы мындан бир жыл мурун жарыкка чыгып, интернет желесинде 77 млн көрүүчү топтогон. Баса, бул ырга казак элинин ырчылары да ашык болуп (Жандос Қаржаубай – Көзмоншағым) аткарып чыгып, бул версия интернет желесинде 18 млн көрүүчү топтогон.

Эки өлкөнүн ырчы мызалары кыздарга ашык болуп “көз мончок” деп ырдашса, биздин кызга не болгон деп олтурабыз... Төмөндө ырдын үч варианты тең бар. Ырды угуп, өз бааңыздарды бериңиздер окурмандар!

Айгерим Эшимдин аткаруусунда:

Өзбектердики:

Казактардыкы:

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости