www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен оор кылмышка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, шектүү Бишкек шаарында жашынып жүргөн.
Эске салсак, 5-июнда Ысык-Ата РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан оор кылмыштарга шектелген 28 жаштагы Күмүшбек Сабыров милициянын сержантынын мойнуна бычак такап, жерге жаткырып колуна темир кишен салып, бутун матрастын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк салып, убактылуу кармоочу жайдын ачкычын алып качып кеткени маалымдалган.
Бүгүн, 6-майда шектүүгө убактылуу кармоочу жайынан качууга жардам берди делген 2 милиция кызматкерине "Шалаакылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Булак: NazarNews.kg