www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Урматтуу окурмандар сиздердин алдыңыздарга “NazarNews.kg” маалымат сайты буга чейин дагы уурдалган жана плагиатор ырчыларды ачыкка чыгарып келгенбиз. Мындан ары да “Уурдалган ырлар же плагиатор ырчылар...” аттуу рубрикабызды тартуулай бермекчибиз. Бул рубрикадан сиздер кыргыз ырчыларынын чет элдик ырчылардын ырларын уурдап же плагиаттык кылып ырларды аткарып жүргөндөрүн жарыя кылабыз.

Кыргыз шоу-бизнесинде ырчылар көбөйдү. Бул жакшы нерсе. Бирок алардын арасында таланты бар таанышы жоктор четке сүрүлүп калып кетсе, кээ бир үнүн уксак коркуп кете турган ырчылар, компьютердин жардамы менен жылдыз болуп жүргөндөр да жок эмес.

Акыркы жылдары коёндой окшош ырлар көп жарала баштады. Бирок, азыр ырчысы, аранжировщиги деле ильхомго карап, эмгектенбей эле даяр ырларды уурдап, хит кылып, авторлору менен иши жок которуп ырдап жүргөндөр көбөйдү. Канткен күндө да айрым ырчылар музыкалык форма, натуралдык үндүн жана музыкалык акустиканын эрежелерин сактап жүрүшсө жакшы болмок.

Бүгүн, биз сөз кыла турган ыр Данияр Эрматов, Айжамал Кабылова жана Гүлнара Калдарованын аткаруусундагы “Үйлөн иним” аттуу ыр тууралуу болмокчу. Бул чыгарманы 2016-жылы Айжамал менен Гүлнаранын борбордо болуп өткөн жеке концертинде биринчи жолу тыңдап, плагиат ыр экенин билген элем. Андан бери жарым жылдай убакыт болсо да, бул ырды радио толкундардан бир дагы жолу уга элекмин. Эмнеге экени белгисиз... Мага белгилүү болгон маалыматтар тууралуу сөз кылсам, бул ырдын түпкү нускасы казак элине таандык. Тактап айтканда, сөзүн Бауржан Алкожа, обонун Роза Алкожа жазган. Ыр Казакстанда 2013-жылы бир туугандар Роза жана Абдижаппар Алкожанын аткаруусунда “Апке” аталышында жарыкка чыкан.

Ырдын клиби 2014-жылы жарык көрүп, YouTubeжелесинде 4 353 719 көрүүчүнү топтогон. Мындан дагы кызыгы биздин үч аткаруучубуз ырда уурдаса, уурдашсын. Плагиат ыр экени белгилүү го... Бирок, ырдын авторлорун так билип жана уруксаат сурап аткарышса жакшы болмок... Себеби, биздикилер сөзүн Кудрет Тайчабаров, обонун Абдижаппар Алкожа жазган деп жүрүшөт. Аябай чоң жаңылышышат. Эки тилдеги ыр бири-бирине нотасынан тартып, сөзүнө чейин окшош. Анан кайдан авторлор Кудрет Тайчабаров менен Абдижаппар Алкожа? Айжамал, Данияр, Гүлнара тез арада ырдын авторлорун тууралап ырдашпаса, Алкожоевдердин үй-бүлөсү катуу таарынышчудай... Жогоруда биз сөз кылган үч бир тууган тууралуу кыскача: Роза Алкожа- Казакстанда элдик ырларды ырдап, айтыш өнөрүндө жүргөн айым, Бауржан Алкожа- акын жана обончу, Абдижаппар Алкожа- жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон таланттуу ырчы.

Ал эми төмөндө ырдын эки варианты тең бар. Тыңдап, өз бааңыздарды бериңиздер достор!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg

Последние новости