www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күйүп кеткен эски прокуратуранын имараты шаардын көркүн бузуп жатат. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Башкы прокуратуранын өрттөнүп кеткен имаратынын ордуна соода борбор, мейманкана салынат, мэрия негизи үч вариантты ойлонуп жатат.

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында 12 жыл турган бул объектини ордунан сүрүп салып жок кылгандан соң курулушка аукцион жарыяланарын айтты.

"Негизи үч вариантты карап жатабыз. Анын ичинде соода борбор, мейманкана деген варианттар да бар. Бишкекке туристтер, коноктор келет. Ыңгайсыз абалда калып, уят болуп жатабыз. Дайыма баннер менен жаап, катып, көздөн далдалап келебиз. Мындай болбошу керек. Ал жерде 40 сотых жер бар, бул жакшы эле аянт", — деген Абдыкадыров.

Эске салсак, имарат 2010-жылдын 7-апрелинде элдик толкундоолордун учурунда өрттөлгөн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости