www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жыл өзгөчө аптаптуу болду. Чет  мамлекеттерде өзгөчө Орусияда бирде суу каптап, бирде өрт чалып миллиондогон гектар жерин  өрт алып кетти. Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 14-15-августтарда жана 16-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

15-августта күндүз жана 16-августта түнкүсүн бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөйт.

14-16-августтарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Аба ырайы:

14-августта күндүз Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жайт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 15…20, күндүз 28…33;

Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28;

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 градус болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 17…19°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° болот.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости