www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

26-ноябрь күнү Вашингтондогу Ак үйдүн жанында ок атышуу болуп, АКШнын Улуттук гвардиясынын эки аскери жаракат алды. Алар азыркы тапта оор абалда ооруканада. Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы АКШ президенти Дональд Трамптын Truth Social социалдык тармагындагы билдирүүсүнө таянып жазды.

Вашингтон полициясы шектүү кармалганын, учурда анын ким экендиги такталып жатканын билдирди. АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс кол салуунун себептери азырынча белгисиз экенин айтты.

Ак үйдүн айланасы курчоого алынып, коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Президенттин резиденциясы обочолонуу режимине өткөрүлдү. Ошондой эле Вашингтон аэропортунун иши убактылуу токтотулуп, кийинчерээк кайра кадимки режимде иштеп баштады.

Шектүү да жаракат алып, ооруканада жатат. Полициянын атайын операциялар боюнча жетекчисинин жардамчысы Жефф Кэрроллдун алдын ала маалыматы боюнча, ал жалгыз болгон жана Улуттук гвардиячыларды аңдып жүргөн.

Буга чейин ноябрь айынын башында Улуттук гвардия Вашингтондогу башаламандыктарды басууга тартылган, ал эми Пентагон миңдеген аскер кызматкерлерине массалык баш аламандыктар учурундагы аракеттер боюнча окуудан өтүүнү тапшырган болчу.

Последние новости