www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Вечерний Бишкек" басма үйү гезиттин жабылышы тууралуу макала боюнча Kaktus.media сайтын сотко берди. Бул тууралуу аталан редакцияга жөнөтүлгөн билдирүүдө белгилүү болду.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна доо арыз менен кайрылууга “Вечерний Бишкек” гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала себеп болгон.
Доонун жалпы суммасы 50 миллион сомду түзөт.
Анын 25 миллион сому журналист Дили Юсуповадан, башкы редактор Наталья Тимирбаевадан, ошондой эле негиздөөчүсү Дина Масловадан, калган 25 миллион сомду сайттын өзүнөн талап кылынууда.
"Вечерний Бишкек" Kaktus.media сайтына чыккан "Вечерный Бишкек" гезити 1-январдан тарта жабылды. Басылманын чыкканына 49 жыл болду" деген темадагы макалада басылманын жабылышы жана банкрот болгону боюнча туура эмес маалымат берилген деп эсептейт.
Макаланын аталышында чындыкка дал келбеген маалымат берилгенин, басылма жабылбай эле ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдирди.
Басылманын арызын кабыл Бишкектин Биринчи май райондук соту маалымат бере элек.
Kaktus.media сайтына 29-декабрда "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылары тууралуу макала жарыяланган. Анда басылманын "миллиондогон карызы бар экени, имараты камакка алынганы жана кызматкерлери жумуштан айдалганы" жазылган.