www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 920га жетти, дагы 3360 адам жаракат алды, деп билдирди Улуттук Ассамблеянын спикери Хорхе Родригес.
Анын айтымында, 4000ден ашык адам үй-жайын жоготуп, жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын арасында.
БУУнун гуманитардык иштер боюнча башкы катчысынын орун басары Том Флетчердин айтымында, 50 миңден ашык адам дагы эле дайынсыз болууда.
Өлкөгө эл аралык жардам жана куткаруу топтору келүүдө. Венесуэланын саламаттыкты сактоо системасы дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын жетишсиздигинен жапа чегип жатат.
БУУнун маалыматы боюнча, издөө-куткаруу иштерине миңден ашык эл аралык адистер жөнөтүлдү.
Эскерте кетсек, Венесуэлада 25-июнда 126 жылдан берки эң күчтүү жер титирөө болгон. Күчү 7,2 баллдык жана андан бир мүнөт өтпөй 7,5 баллдык жер титирөө катталган.