www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева мурдагы күнү – «Азаттык» үналгысын жабуу тууралуу чечим чыгарды. «Азаттык үналгысы» деген маалымат каражатын «Азаттык-медиа» деген уюм негиздеген, ага сот чечими тийген жок жана «Азаттык-медиа» эми жаңы маалымат каражатын, мүмкүн, башка аталыш менен ачса да болот.

Маселе – былтыр 16-сентябрда «Настоящее время» деген телеканалда Тажикстандын Кыргызстанга аскерий кол салуусу тууралуу түз ободогу берүү чыкканда башталган, анда –Тажикстанга Кыргызстан кол салды деген сөздөр бар болчу. Бул телеканал – такыр башка уюм, бирок «Азаттык» үналгысынын журналисттери ага материал даярдап берет.

Маданият министрлиги ал видеону алып салгыла десе, «Азаттыктын» жетекчилиги – баары туура деп, ал талапты четке каккан. 2017-жылдын март айында президент Атамбаев «Азаттыкка» каршы эки сот ишин баштаганда, радионун президенти Томас Кент Бишкекке келип, Атамбаев менен сүйлөшүп, тил табышкан жана ал эки иш тең кийин кыскартылып кеткен. Азыр болсо катуу тирешүү чыгууда.

Последние новости