www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 23-августунда кол коюлган жалган маалымат жөнүндөгү мыйзамга кийин айрым депутаттар кошумча-толуктоо киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун даярдаган жана ал былтыр 14-октябрда коомдук талкууга коюлуп, быйыл 3-февралда Жогорку кеңештин кароосуна киргизилген. Бирок эки айдан бери эч кандай жылыш жок.
Бул мыйзам Орусиянын мисалы менен даярдалган жана ага ылайык, кайсы бир бийлик өкүлүнө каршы сын айтылса, ошол сындалган өкүл бийликтин өзүнө кайрылып, аны жалган десе эле, эч кандай иликтөө же соттук териштирүүс жүргузбөстөн, сын камтылган материалды бийлик бөгөттөп койсо болот. Бул мыйзамды 2021-жылдын 30-июнунда Жогорку кеңеш четке каккан жана өзүнүн регламенти боюнча 6 ай ичинде ага кайра кайрылбаш керек болчу.
Бирок Жогорку кеңеш өз эрежесин өзү бузуп, бир айга жетип-жетпей аны кайра карап, 28-июлда кабыл алган. Маселе – бул мыйзамды пайдаланып, бийлик – ага жакпаган сынды жок кылууга мыйзамдык негиз алып жатканында. Ошол эле учурда бийликке жакпаган уюмдар же адамдар тууралуу канча жалган маалымат чыгып жатса дагы, канча жалаа жабылса да, аны бөгөттөгөн эч ким жок.