www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы күнү Бишкекте эки тегерек стол өткөрүлдү, бири – мындан 3 жарым ай мурда камакка алынган отуздай активист менен байланыштуу болсо, экинчиси – сөз эркиндигине кысым күчөп баратканына арналды. Бир апта мурда адвокаттар дагы тегерек стол өткөрүп, бул активисттердин ишинин кайсы бир бөлүгүн жашыруун кылса дагы, толугу менен жаап салуу мыйзамсыз деген чечимге келген.

Юристтердин пикиринде, кармалгандарды үй камагына чыгарып койсо, андан эч кимге зыян тиймек эмес, аларга октябрдан бери расми түрдө эч кандай күнөө коюла элек, айрымдары 3 айдын ичинде бир гана жолу суракка алынган.

Жалган маалымат таратуу боюнча мыйзамдын негизинде кайсы бир маалымат каражатын сотсуз эле жаап салуу дагы демократияга туура келбейт, кезинде бул мыйзамга жарандык коом каршы чыккан, бирок бийлик аны күчкө салып, кабыл алдырып салган. Ошондуктан, Кыргызстанда кайсы болбосун саясатчы сөз эркиндиги менен демократияны пайдаланып бийликке келет, бирок бийлигин бекемдеп алгандан кийин ошол демократия менен эркиндикти чектеп кирет десе болот.

Последние новости