www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр боюнча канадалык «Центерра» менен болгон макулдашуу тууралуу бийлик толук маалымат бербей жатат деп оппозиция бийликке күнөө коюуда. Бийлик болсо – биз Кумтөрдү толугу менен кайтарып алдык, тараптар баардык доо арыздарынан баш тартты, «Кумтор голд компанинин» жетекчилигин эми биз өзүбүз дайындайбыз дейт. Бирок Кыргызстан «Центеррадагы» баардык акцияларынан да айрылды.

Мурдагы кыргыз бийлиги кабыл алган мыйзамдар жана Конституциялык палатанын атайын чечиминин айынан Кыргызстан эл аралык соттордо жеңээри күмөн эле. Андай болсо, эмнеге канадалыктар сотту уланткан жок? Демек, алар үчүн соттун чечиминен да өйдө дагы бир башка чоң утуш болгон.

Кумтөрдөгү алтын түгөнүп баратат, кенди иштетүү токтогондон кийин, ал жердин баарын рекультивациялап, кайрадан калыбына келтириш керек болчу, андай иштер болсо – Лондондогу атайын фонддо топтолгон 53 млн доллардан да кымбат болушу мүмкүн. Канадалыктар – бизди кууп жатат демиш болуп, ошол чоң милдеттен да кутулуп, аны Кыргызстандын мойнуна илип салды.

 

Последние новости