www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абактагы активист Адилет Балтабайдын карындашы Нурзада Балтабаева Президент Садыр Жапаровго Кайрылуу жасап, аны абактан бошотууну талап кылды. Бул тууралуу Нурзада Балтабаева NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

«Урматтуу, Садыр Нургожоевич, абакта отурган Адилет Балтабайды Эгемендүүлүк күнүнө карата бошотуп коюзңузду суранам. Анткени, агамдын эч кандай күнөөсү жок. Ал коомчулукта өз оюн бийликке ачык айтканы үчүн камалды. Акыркы учурда камалган активисттердин баары сөз эркиндиги үчүн камалып жатат. Азыркы бийликтин бул кылган иши туура эмес.

Аларды үйүндө ата-энеси, бала-чакасы күтүп жатат. Биз эки айдан бери Адилет байкем менен жеке жолуга элекпиз. Сотто гана көрүүгө мүмкүнчүлүк алабыз. Аны жакындары менен такыр жолуктурбай, чоң кылмышкерди кармагандай кылып жатышат. Азыр казиного ал эле эмес бүтүндөй кыргыз эли каршы болуп жатпайбы!», - деди Балтабаева. 

Белгилей кетсек, бүгүн, 30-августта өкмөт үйүнүн алдында «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев менен активист Адилет Али Мыктыбекти колдоо акциясы өттү.

Митингдин катышуучулары камалган Мелис Аспековдун, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын, Тилекмат Куреновдун бошотулушун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылды.

Эске салсак, социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ат менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы 30-июнда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө кезектеги суракка чакыртылып, адегенде 48 саатка, андан кийин 2 айга камалган. Ага Facebook баракчасына жазган билдирүүлөрү үчүн «Массалык башаламандыктар» беренеси менен айып коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости