www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып, кабыл алынганда, кайрадан кызуу талкуу пайда болду. Айрым депутаттар – бул мыйзам коррупцияны көбөйтөт, анткени кыргыз тилиндеги көрнөк-жарнактарды Мамлекеттик тил комиссиясына көрсөтүп, текшертиш керек болууда дейт.

Бирок анын эмнеси жаман? Реклама сабаттуу болууга тийиш да. Кээ бир депутаттардын пикиринде, жарнамалар алгач орус тилинде жазылат, андан кийин аларды «Гугл» аркылуу кыргызчага которгондо, сөзсүз ката пайда болот. Бирок кыргызча канча реклама бар, андан тышкары, орусчаны кыргызчага которуу үчүн эмне үчүн сөзсүз эле «Гуглга» кайрылыш керек экен, башка адистер жокпу?

Бизге текшерткиле деп, мамлекеттик комиссия дароо коррупция жаратып жатат, анткени пара алуу көбөйөт имиш. Бирок атайын бааларды орнотуп, ката аз болсо, аз төлөп, текст толугу менен оңдолсо, көбүрөөк төлөсө болот да. Андан тышкары, Комиссияга атайын каражат бөлүп, тексттерди ал акысыз текшерсе да мүмкүн эмеспи. Ошентип, 30 жыл өтсө дагы, кыргыз тилинин өнүгүүсүнө бут тосмойлор дагы деле уланууда.

Последние новости