www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Жогорку кеңештин бюджет боюнча комитетинде депутат Нарматова мамлекеттик кызматкерлердин киреше тууралуу декларацияларын жарыялайт деп журналисттер менен блогерлерди сындады. Жалган маалымат чыгып кетип жатат, адам адал эмгеги менен байлыкка жетсе, аны коррупциядан күнөөлөп, насыя алса дагы аны уурдады дейт имиш журналисттер.

Бирок өлкөдөгү азыркы абалда адал эмгек менен миллионер болуу кыйын го, ал тууралуу кимдир бирөө жалган маалымат таратса, ошол эле блогерге же ошол эле маалымат каражатына интервью берип, чуу чыгарбай эле калпты жокко чыгарып койгула. Ал эми кимдир бирөө чындап эле адал иши менен миллионер болсо – баардык блогерлерге, баардык маалымат каражаты менен баардык журналисттерге интервью берсин, элдин баары болбосо да, жарымы миллионер болсо, өлкө үчүн дагы жакшы да.

Маселе такыр башкада. Арзыбаган айлык үчүн мамлекеттик кызматта иштеп байыгандар көп жана алардын декларацияларын чогултуп алып, өкмөт аларга каршы чара көрбөй жатпайбы. Ошол себептен мамлекеттик кызмат жана бийлик эң кирешелүү бизнеске айланып кеткен.

Последние новости