www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хорезм облустук прокуратурасы Өзбекстандын Жогорку сотуна балдар үйүндөгү кыздарды зордуктаганы үчүн соттолгон эки аткаминердин өкүмү боюнча доо арыз жазды. Иш эми кайра кассациялык тартипте каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Биринчи инстанциядагы сот облустук юстиция башкармалыгынын мурдагы башчысы менен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисин 1,5 жылга эркинен ажыраткан.

Бул кылмыш жөнүндө дээрлик жети айдан кийин - Nemolchi.uz долбоорунун зомбулукка каршы материалынан соң белгилүү болгон.

Долбоордун авторлору кабарлагандай, балдар үйүнүн директору 10 ай бою өспүрүм кыздарды аткаминерлер менен жыныстык катнашка барууга мажбурлаган. Мекеменин жетекчиси 5,5 жылга түрмөгө кесилген, мамлекеттик кызматкерлердин эркиндиги 1,5 жылга гана чектелген.

Коомчулуктун нааразылыгынан кийин Өзбекстандын башкы прокуратурасы аткминерлерге чыккан өкүм жумшак болуп калганын мойнуна алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости