www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир кезде америкалык чалгынчылар издеп-таппаган деңиз торпедаларын чыгарган «Дастан» заводу кудуретсиздикке такалды, бирок завод өзү – соттор бүтө элек дейт. Пандемия учурунда «Дастан» Орусиядан кымбат баада жасалма дем алдыруучу аппараттарды сатып алган, алар эмгиче кампада деп айтылууда, бирок акчасы төлөнгөн эмес.
Дал ошол 2020-жылы пандемия менен күрөшүү үчүн өкмөт Саламаттык сактоо министрлигине 1 млрд 250 млн сом бөлүп берген, министрлик анын 450 миллионун гана пайдаланган, калган 800 млн сом кайда экени эмгиче белгисиз. «Дастандын» складында 4 млн доллар турган 300 аппарат эмгиче сакталып жатканына дагы ишенүү кыйын.
Былтыр ноябрда «Дастан» орусиялык «Рособоронэкспорт» менен көп миллион доллар турган келишимге кол койгон, бирок аппараттар үчүн акча таба албайт. Кезинде ал Минздравга жардам берейин деген, бирок министрлик ал жардамдан баш тарткан. Мунун баары – кыргыз жетекчилиги кантип иштегенин көрсөтөт: мекемелер бир бирине – акча уурдаганда гана жардамдашат.