www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай Вашингтондон АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын жокко чыгарууну талап кылууда, анткени мындай визит “Бир Кытай” принцибине олуттуу түрдө каршы келет жана бардык кесепеттер үчүн жоопкерчиликти жалгыз АКШ көтөрөт. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян билдирди.
"Кытай Америка Кошмо Штаттарынан "Бир Кытай" принцибин жана үч биргелешкен АКШ-Кытай коммюникесин катуу сактоону, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга сапарын уюштурбоосун, бардык расмий мамилелерди токтотууну талап кылат. Тайвань менен жана Тайвань кысыгында чыңалууну токтотуу керек", - деди дипломат.
Ал белгилегендей, АКШ Пекиндин пикирине карабастан өз эркине ылайык иш-аракетин уланта берсе, Кытай сөзсүз түрдө өзүнүн улуттук эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн катуу чараларды көрөт жана анын кесепеттери үчүн толук жоопкерчилик Кошмо Штаттарга жүктөлөт.
Чжао Лицзян Кытай АКШ менен Тайвандын өкүлдөрүнүн ар кандай расмий байланышы кабыл алынгыс экенин, эгер Пелоси аралга барса, бул "Бир Кытай” принцибинин бузулушу жана АКШ-Кытай үч биргелешкен келишими бузулат деп бир нече жолу билдиргенин айтты. Ошондой эле Кытайдын эгемендигине жана аймактык бүтүндүгүнө олуттуу таасирин тийгизет.
Тайвань 1949-жылы Чан Кайши (1887-1975) жетектеген Гоминдан күчтөрүнүн калдыктары Кытайдагы жарандык согушта жеңилип, аралга качкандан бери өз администрациясы тарабынан башкарылат. Ошондон бери Тайвань коммунисттер бийликке келгенге чейин материкте болгон мурдагы Кытай Республикасынын желегин жана башка атрибуттарын сактап калган.
Америка Кошмо Штаттары 1979-жылы Тайвань менен дипломатиялык байланыштарды үзүп, КЭР менен түзгөн. "Бир Кытай” саясатын таануу менен Вашингтон Тайбэйдин администрациясы менен мамилесин сактап, аралды курал менен камсыздап турат. 2020-жылы АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайдын Гонконгдогу кырдаалга байланыштуу Пекин менен тирешүүсү күчөгөн шартта Тайвань менен байланыштарды жана алмашууларды олуттуу түрдө активдештирген.
АКШ Тайвандын негизги курал жеткирүүчүсү. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Мамлекеттик департамент "Патриот" зениттик-ракеталык комплекстерин тейлөө боюнча 95 миллион долларлык келишимди жактырган.
Суннатилла Абдуллаев, Ташкент