www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарыхчы Назарбек Сатар: Советтер Союзунун мезгили бүтүп баратканда – 1980-жылдардын аягында – Кыргызстандагы «улутчулдарга» каршы идеологиялык күрөштүн акыркы эпкинине мен күбө болуп калдым. Ал кезде Мамлекеттик университеттин профессору Сабыр Аттокуровго каршы чабуул жасалып, ага каршы жасалма күнөөлөр коюлуп, кайран киши партиядан чыгарылган. 1930-жылдар болгондо, мүмкүн, атылып да кетмек, 1950-жылдар болгондо, кеминде 10 жылга кесилмек.

Ошол 1950-жылдардын башында, Исхак Раззаковдун мезгилинде, кыргыздын төрт чыгаан уулу – Ташым Байджиев, Зияш Бектенов, Тазабек Саманчин жана Рахманберди Касымов дагы улутчулдар деп соттолуп, 10 жылга кесилген жана жазасын Караганды абагында өтөгөн. Алардын экөө – Байджиев менен Касымов – түрмөдө каза болгон, Саманчин менен Бектенов кийин акталган. Биздин тарыхчылар буга көп деле көңүл бурбайт...

Последние новости